Биз менен байланышыңыз

Эл аралык уюмдар Азимжан Аскаров боюнча Евробиримдикке кайрылуу жолдошту

Кыска кабар | 3 Июл 2019 | 772 | 1

Адам укуктарын коргогон эл аралык 8 уюм укук коргоочу Азимжан Аскаровду боштондукка чыгаруу талабын коюп, Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча жогорку комиссары Федерика Могериниге кайрылуу жолдошту. Бул тууралуу «Борбор Азия маалымат кызматы» агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, «Amnesty International», «Human Rights Watch» башында турган 8 уюмдун кайрылуусу Евробиримдиктин Борбор Азиядагы Тышкы иштер министрлери менен боло турчу жолугушуусунун алдында жолдонду. Жолугушуу 7-июлда Бишкекте өтөт.

Эл аралык уюмдар кайрылуусунда Азимжан Аскаровдун ден соолугу начарлап кеткенин, аны чет өлкөдөн дарылатуу зарыл экенин айтышкан.

Белгилей кетсек, Азимжан Аскаров 2010-жылдын 10-июнунда Ошто болгон кыргыз-өзбек кандуу кагылышына айыпталып, түбөлүк түрмөгө кесилген.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    03.07.2019 17:41

    Азимжан Аскаров турмодо олсун канча куноосу жоктор олуп кетти. Эл аралык, мамлекетке, элге пайдасы жок уюмдар ды жоготуу керек.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM