Биз менен байланышыңыз

Өзбекcтан: Камактагылар эс алууга жана эмгек акы алууга укук алышты

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Июл 2019 | 809 | 0

Өзбекстандын Юстиция министрлиги Ички иштер министрлиги кабыл алган «абактагы жарандарды кармоо шарттарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча» мыйзамына ылайык жазык-аткаруу тутумун кайрадан каттоодон өткөрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Жаңы мыйзам боюнча камактагылар эми коопсуз жумуш менен камсыз болууга, андан жумасына бир күндүк жана жылына бир айлык эмгек өргүү алууга, эмгек акы алууга, майрамдарда эс алууга укук ала алышат.

Мындан сырткары, бош убактыларында таза абага чыгып сейилдөөгө, атайын жайларда машыгууга катышууга, психологиялык жардам алууга, ооруп калган учурда дарыгердин уруксаты менен жакындарына телефон чалууга, же үй-бүлөсү менен кошумча жолугууга мүмкүндүк берилет. Муну менен катар, ар 6 ай сайын медициналык текшерүүдөн өтүп  турушат.

 

Copyright © 2017 Maral FM