Биз менен байланышыңыз

Кабулдагы жардыруу 40тан ашык адамдын өмүрүн алды

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Июл 2019 | 798 | 0

Ооганстандын борбору Кабул шаарындагы жардыруудан 40тан ашык адам каза болду. Алардын алтоо коргоо кызматкери. Бул тууралуу РБК басылмасы жазды.

Ал эми Ооганстандын Билим берүү министрлигинин өкүлү Нурия Нажат 100дөн ашуун адам жабырланганын, алардын басымдуу көпчүлүгү студенттер экенин кабарлаган.

Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги да тастыктап, 100дөн ашык жаран ооруканага жаткырылганын, алардын 26сы жаш балдар экенин айткан.

Жардыруу боюнча «Талибан» кыймылы жоопкерчилик алды.

АКШ соту «Талибан» радикалдык кыймылынын бул аракетин жай тургундарга, тынчтыкка чакырып келген ооган боордошторуна карата жасалган корунучтуу чабуул катары баалады.

Copyright © 2017 Maral FM