Биз менен байланышыңыз

Иркутск: Суу ташкынынан каза болгондордун саны 16га жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Июл 2019 | 452 | 0

Иркутск облусундагы суу ташкынынан каза болгондордун саны 16га жетти. Бул тууралуу «Интерфакс» басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, суу ташкыны 16 адамдын өмүрүн алган. Дагы 9 адам дайынсыз, алардын бирөө наристе.

Буга чейин, 12 адамдын каза болгону айтылган болчу. Табигый кырсыктын айынан 760 адам жабыркап, 190дон ашык жаран ооруканага жаткырылган. 9300 адам жашаган 4130 үй суу астында калган.

Иркутск облусунда катуу жаандан улам Ангара өзөнүнөн суу ташкындап, 27-июнда аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM