Биз менен байланышыңыз

Тазалыкты европалыктарга мусулмандар үйрөткөн

Блог | 2 Июл 2019 | 304 | 0

«Алар Аллах жараткандардын ичинен эң ыпластары. Алар заарадан кийин тазаланышпайт жана тамактан кийин да колдорун жуушпайт», — деп жазган араб саякатчы Ахмед ибн Фадлан европалыктар тууралуу. Орто кылымда Европада сууга түшүүнү обу жоктуктун белгиси деп эсептешкен. Бирок кийин алар мусулман маданияты менен таанышышып, тазалык эмне экенин, жуулбаган дененин жагымсыз жытын атыр менен эмес, самын жана таза суу менен кетирсе болорун билишкен.

Мусулмандардан үйрөнүшкөн. Европадагы өздүк гигиена жөнүндө эмнелерди билесиз? (Sasapost, Египет)

«Француз атырларынын укмуштуулугу» — бул жарнамалык фраза жалпыга таанымал. Парфюмердик ишканалардын жетишкендиктерин негизинен Францияга же Европага багытташат жана европалык дүйнөдөгү азыркы муун үчүн дал ушундай. Бирок тарыхчылардын ою боюнча, өздүк гигиена жана европалыктардын маданияттуулук деңгээли тууралуу элестөөлөрүбүз тарыхый фактыларга каршы келет.

Биздин доордун X кылымында Европага жасаган саякатынан кийин жазылган өзүнүн китептеринде мусулман жазуучусу Ахмед ибн Фадлан өздүк гигиена тууралуу жергиликтүү салттардан айтып берген: «Алар заарадан жана тамактангандан кийин колдорун жуушпайт. Алар өзүлөрүнүн бетин жана башын жаман суу менен жуушат».

Ибн Фадландын айткандары көбүртүп-жабыртылган эмес, ал саякатын көптөгөн коомдук мончолору бар Багдаддан баштаган. Европалыктардын ыплас жашоосу аны таң калтырган.

Бул орто кылымдардагы европалыктардын өздүк гигиенаны сактабагандыгы боюнча жазылган жалгыз эмгек эмес. Мындан тышкары, Жозеф Маккейбдин «Испаниядагы мусулмандардын цивилизациясы» (Мухаммед Таки ад-Дин аль-Хиляли которгон) аттуу китебинде да айтылган. Автордун жазгандарына караганда, ханыша Изабелла Кастильскаянын денеси өмүрүндө эки гана жолу суу көргөн, ал эми испан падышасы Филипп II өзүнүн өлкөсүндө сууга түшүүгө тыюу салган, бул эрежени бузгандар жазага тартылган. Атасынын жаман жоруктарын мурас кылып алган кызы испандык шаарлардын биринде согуш бүтмөйүнчө, ич кийимин алмаштырбоого убада берген. Согуш үч жылга созулган, кээ бирөөлөрдүн айтымында, бул окуя аялдын ооруп калышына себеп болгон, жыйынтыгында ага өлүм алып келген.

Жагымсыз жытты жашыруу үчүн француз парфюмериясынын укмуштуулугу

Француз атыры денедеги жагымсыз жытты жашыруу үчүн гана чыгарылган деп айтылат. Эгерде жакшылап ойлонуп көрсөк, мында чындыктын үлүшү бар. Өзүнүн ванналарында европалыктар «шатафу» (биденин аналогу) колдонбогону менен, азыр алар орто кылымдарга салыштырмалуу өздүк гигиенага көп көңүл бурушат, мунун бардыгы мусулмандардын арты менен.

Бул айтылгандарга аныктама катары тарых жана маданият боюнча араб журналдарында француз тарыхчысынын цитатасын жолуктурууга болот: «Биз, европалыктар биздин коомдук жашообуздун жакшырышына себепкер болгон арабдардын алдында карызбыз; мусулмандар денени таза кармоого үйрөтүштү, ал кийгендерин сасып кетмейинче которбогон европалыктар үчүн жат көрүнүш болчу, кийин кийимди которуп, жуунууну адатка айланттык. Ал эми мусулмандар таза, кооз кийимдерди кийишчү, кээ бири өзүн кымбат баалуу таштар менен кооздошчу: изумруд, сапфир жана кораллдар менен». Өзүнүн мемуарларында Шамдор Мараи минтип жазган: «Европалыктар сууга түшүп тазаланууну обу жоктуктун белгиси деп эсептешкен».

Европалыктар жана өздүк гигиена жөнүндө кайчы пикир

Орто кылымдагы Европада маданияттын жоктугу жана олдоксондук жаман гигиенанын эң маанилүү себеби болгон. Кээ бири жуунууну бузукулуктун белгиси десе, экинчилери жуунуп жаткан учурда дене шайтандан коргоно албай калат деп эсептешкен. Агын суу менен болгон байланыш ар түрдүү оорунун себеби болот деген да ой жашаган.

Европалыктар самынга көп деле маани беришкен эмес, жөн гана терини катмарланып кеткен кирден тазалап турушкан. Алар XIX кылымдын экинчи жарымына чейин самындын бар экенин билишкен эмес – ал жетиштүү жашаган калктын арасында гана болгон. Бирок жуунуу үчүн каражаттардын саны суунун жетишсиздигинен улам аз болгон. Суунун температурасын жөнгө салуучу ванналардын курулушу татаал инфратүзүмдүн өнүгүшүн талап кылган, ал эми Европа мындай абалга көп убакытка чейин жетише албаган.

Кэтрин Эшенберг өзүнүн «The Dirt an Clean: An Unsanitired History» деген китебинде жазгандай, XVIII кылым батыш тарыхында эң кир кылым аталган. Европалыктар өзүлөрүнөн чыккан жагымсыз жытты жашыруу үчүн парфюмериялык каражаттарды колдонушкан.

Мисалы, мадам де Монтеспан француз падышасы Людовик IVнүн көңүлдөшү болгон. Аны менен жолугарда Монтеспан жаман жытынан арылуу үчүн атырдан себинип алганды адатка айланткан деп айтылат. Падыша анын атырын жактырчу эмес, анткени, анын күчтүү жытынан башы ооруп чыкчу. Өзүнүн мемуарларында ал экөөнүн ортосунда атырдан баш тартууну сунуш кылгандан кийин уруш чыкканын жазган. Буга карабастан, анын коргонуу аракеттери белгилүү боло баштаган, ошентип көпчүлүк европалыктар жаман жыттан кантип арылуу керектигин ойлонбостон, аны жашыруу аракетин көрө башташкан. Ушунун негизинде миф пайда болгон, анын жардамы менен европалыктар парфюмердик индустриянын атасы аталып, бул багыттын пионерлери болуп калышкан.

Ушул эле мезгилде исламдык турмушта ар бир үйдө канализация же таза суу бар болчу, бул өз кезегинде тазалыкты сактоого жардам берген. Бул ден соолукта болуу үчүн Батыш өзүнө алган исламдын эң маанилүү адатынын бири. Орто кылымдарда Европа менен Исламдын ортосунда айырмачылык тазалык менен эле чектелбейт. Европалыктар ыңгайсыз болгон жыгач же таш отургучтарда отуруп жүрүшкөн болсо, мусулман элитасы эң мыкты жерлерди ээлешкен жана кымбат баалуу килемдерде басышкан.

Бул тууралуу мусулман коомунун салттары менен тааныш болгон европалыктар жазышкан. Алар мусулмандардын жашоо-турмушуна аябай кызыгып, алардын тазалыгына жана жетишкендиктерине, ошондой эле гигиеналык каражаттары менен медициналык дары-дармектерди колдонгондуктарына баа беришкен.

Сейк Дин Мухаммед – Британияда баш жуу боюнча адис

Европада жана Батышта тазалык маданияты негизинен жок учурда, мусулмандар өздүк гигиенаны сакташкан жана азыркы заманбап европалык тасмалардан көргөндөй эле, аны менен ырахат алышкан жана аны макташкан. Бүгүнкү күндө көпчүлүк тасмалардан ваннада самын көбүгү менен, айланасына шамдарды жандырып коюп жаткан айымдарды көрүүгө болот, бул — мусулмандардын сиңирген эмгеги.

Батышка болгон миграция жана Ислам маданиятынын таралышы Европада өздүк гигиенанын пайда болушуна маанилүү роль ойногон. Бул айрыкча, сууну пайдаланууга тийиштүү. Европалыктар суунун ден соолукка пайдалуу экенин жана шайтан менен эч кандай байланышы жоктугун түшүнүштү.

Батышта сууга түшүү маданиятын таратууга чоң салымын кошкон индус мусулманы жөнүндө айтпай кетүүгө болбос. Сейк Дин Мухаммед XVIII кылымда Англияда жашаган, ал жерден англис тилинде китеп чыгарган биринчи индус мусулман автор. Анын бир чыгармасынын ичинен бүткүл бир бөлүмү башты жууп жатканда аны укалоо кыймылына арналган. Ал жазуучу болгон жана Брайтондо ресторан иштеткен, ошондой эле, биринчилерден болуп бүгүнкү күндө айтылып жүргөндөй спа-салон концепциясын сунуштаган. Ал бул шаарда мындай салондордун желесин түзгөн, кийин аны брайтондук дарыгер деп атай башташкан. Ошентип, индиялык мусулман англиялыктарга жуунганды үйрөткөн. Бүгүнкү күндө араб өлкөлөрүндө бул батыштын ойлоп тапканы катары кабыл алышат, бирок, чындыгында, Европада Исламдын жардамы менен тараган. Сейк чачтарачтын үй-бүлөсүндө төрөлгөн, самын жана башка тазалык каражаттарын чыгарууда кеңири билимге ээ адам болгон. Ошондой эле, ал башты укалоо боюнча уникалдуу жөндөмгө ээ эле, ал Индияда белгилүү «шамписсажа» деп аталган кыймыл, кийин андан «шампунь» сөзү келип чыккан.

Ошентип, европалыктар мусулмандардын аркасы менен ваннага жана душка түшүшөт, ошондой эле өздүк гигиенанын башкы эрежелерин сакташат.

Которгон: Махабат Соконова

Copyright © 2017 Maral FM