Биз менен байланышыңыз

Абдишүкүр ажы Нарматов Атамбаевдин үйүнө барган себебин айтты

Кыска кабар | 1 Июл 2019 | 1461 | 0

Социалдык тармактарда Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн алдынан түшкөн Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматовдун сүрөтү жарыяланып, ар кандай сын-пикирге кабылды. Мындан улам, дин аалымы «Фейсбук» баракчасы аркылуу аталган сүрөткө түшүндүрмө берди.

Абдишүкүр ажы Нарматов учурда болор-болбос ишти көбүртүп-жабыртып, өзүнүн жеке кызыкчылыгына пайдалангандар өтө көбөйгөндүгүн жана бөйрөктөн шыйрак чыгарып, жумурткадан кыр издегендер муну ар кандай максатта бурмалап жаткандыгын белгилеген.

«Айтайын дегеним, бүгүн мен Алмаз Шаршеновичтин үйүнө барып, бир канча күн мурда окулуп баштаган Куранды хатм кылып, өткөндөргө дуба кылып кеткенимди саясатташтырып жарыя кылып чыккандар жөнүндө болмокчу. Аалымдар эзелтен эле элдин ыйманы, тынчтыгы, биримдиги үчүн кызмат кылган», — дейт Нарматов.

Ошондой эле, эңсегени жана тилегени элдин ыйманы жана тынчтыгы экенин айтып, ар бир сөзүн жана ар бир ишин ушул максатта гана кыла турганына токтолгон.

Мындан сырткары, ал мурда да, азыр да саясий максат көздөгөн эместигин жана көздөбөй тургандыгын белгилеген.

«Менин максатым, элим бейпилдикте, биримдикте, тынч жашоо кечирип, ыймандуу өмүр сүрсө деген гана тилек», — деп билдирет Абдишүкүр ажы Нарматов.

Copyright © 2017 Maral FM