Биз менен байланышыңыз

Иркутск: 3700 турак жай суу астында калды

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Июл 2019 | 632 | 0

Орусиянын Иркутск облусундагы суу ташкынынан улам 9 миңден ашык адам жашаган 3 миң 700 үй суу астында калды. Бул тууралуу аймактык Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргенин РИА Новости басылмасы жазды.

Ошондой эле, 150дөн ашык адам ооруканага жаткырылган.

Маалыматка ылайык, суу ташкыны Иркутск облусунун Нижнеудин, Тайшет, Тулун, Чунск, Зиминск райондорун каптаган. Аталган аймактардан жалпы 2273 адам коопсуз жайга көчүрүлгөн.

«Жалпы 744 жабырлануучу катталган. Алардын 153ү ооруканага жаткырылып, 591 тургунга керектүү медициналык жардамдар көрсөтүлгөн. Жабырлануучулардын 72си жаш балдар», — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда кырсык орун алган аймактарга 300дөй техника, Ан-12 учагы жана Ми-8 тик учагы тартылып, миңден ашык аскер куткаруу иштерин жүргүзүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM