Биз менен байланышыңыз

Жээнбековдун кеңешчиси Атамбаевден кабар алды

Кыска кабар | 30 Июн 2019 | 859 | 0

Бүгүн, 30- июнда президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси Айбек Азыранкулов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден кабар алганы Кой-Ташка барды.

Журналисттердин: «Кандай максатта келдиңиз?» — деген суроосуна, өлкөдөгү мыйзамдуулукту сактоо үчүн келгенин жана 2006-жылдан бери КСДПнын мүчөсү экенин билдирди. Мындан сырткары, чыныгы КСДП эми чогулуп жатканын кошумчалады.

Ал ошондой эле, апрелдин башында эмгек өргүүсүнө чыгып, андан кийин өз каалоосу менен кызматтан кетүүгө арыз жазганын маалымдады.

Эске сала кетсек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинен ажыратуу маселеси көтөрүлгөндөн бери анын Кой-Таштагы үйүнө тарапташтары чогулган.

Ал жерде атайын штаб түзүлүп, журналисттер үчүн маалымат борбору да ачылганы айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM