Биз менен байланышыңыз

«Чоң-20» саммитинен урунттуу учурлар

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Июн 2019 | 601 | 0

Трамп менен Путиндин жолугушуусу

Япониянын Осака шаарында өтүп жаткан «Чоң жыйырма» саммитинде Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШ лидери Дональд Трамп эки тараптуу жолугушуу өткөрүштү. Бул ирет да кол алышууда Трамп адатынча Путиндин колун өзү тарапка тартууга аракет жасаган. Сүйлөшүүлөр 1 саат 20 минутка созулду. Анда соода, куралсыздандыруу сыяктуу темалар козголгон. Маалымат каражаттары көп талкууга алган окуя катары, Трамптын сөөмөйү менен көзөп, Путинге тамаша иретинде «Шайлоого кийлигишпегиле» дегени болду. Тамашага Путин күлүп гана жооп кайтарган. Эки лидер тең бул жолугушууну «супер» маанайда өткөнүн белгилешкен.

Путиндин жеке кол термосу

Путин Чоң жыйырмадагы лидерлердин кечки тамагына өзүнүн кол термосун ала келген. Жолугушуулардан соң чогулушкан кечки тамакта Япония премьери Синдзо Абэнин айткан каалоосунан соң Путин өзүнүн кол термосун АКШ президенти Дональд Трамптын бокалы менен кагыштырган. Ал учурда Трамптын стаканында кола болгондугу байкалат. Термос тууралуу суроолорго Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Путин дайыма ушул термосун колдонорун айтты.

Дональд Трамптын кесиптештерине баасы

АКШ президенти Дональд Трамп Путин менен Кытайдын президенти Си Цзиньпин менен болгон жолугушуулар «сонун өттү» деген баасын билдирди. Сүйлөшүүнүн натыйжасында соода согушун токтотуу чечимине келишти. Кесиптештерине баа берип жатып, Путинди «керемет жигит» деп атаган. Ага чейин Германиянын канцлери Меркель тууралуу «фантастикалык айым, менин досум болгонуна рахмат» деген оюн айткан.

Саммитте көтөрүлгөн маселелер 

Саммиттин экинчи күнү экология боюнча маселелер талкууланды. Анда, Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ эң биринчи Дүйнөлүк океанды желим таштандылардан арылтуу керектигин билдирди.

Саламаттыкты сактоо боюнча темалар козголуп, лидерлер дүйнө боюнча карылык менен күрөшүп, ден-соолуктуу жана активдүү жашоо образын түзүүгө макулдашышты. Ошондой эле, баары биригип Африкада жайылган Эбола вирусу менен күрөшүү маселесин талкуулашты.

Куралсыздандыруу тууралуу талкуу башталганда, Трамп С-400 коргонуу системаларын сатып алууда Түркиянын күнөөсүн жок экенин айткан. Ал эми Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Түркия кандай абал болгондо дагы бул келишимден баш тарта албай турганын, коргонуу куралдары алынып бүткөнүн, мындан ары бул теманы козгоонун кереги жоктугун билдирди. Ошондой эле бул окуядан улам Түркия менен АКШ ортосунда санкция киргизилиши мүмкүн эмес экендигин кошумчалады.

Ал эми «Чоң жыйырма» саммитинин декларациясында протекционизм маселеси камтылган эмес. Аталган маселе эки жылдан бери программага киргизилбей келет. Ошентсе да, жалпы саммит алдынан Кытай менен Америка лидерлери сүйлөшүп, кошумча бажы салыктарын алып салуу, соода тармагындагы мамилени улантуу келишимин кабыл алышкан.

Copyright © 2017 Maral FM