Биз менен байланышыңыз

Абдил Сегизбаев менен Улан Исраилов Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө барды [фото]

Кыска кабар | 29 Июн 2019 | 916 | 0

Атамбаевдин тушунда Ички иштер министри болгон Улан Исраилов жана Улуттук коопсуздук комитетин жетектеген Абдил Сегизбаев Кой-Ташка барды.
Бул тууралуу Марат Тагаев аттуу Твиттер колдонуучусу өзүнүн баракчасына жазып, сүрөттөрүн жайгаштырды.

Эске сала кетсек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинен ажыратуу маселеси көтөрүлгөндөн бери анын Кой-Таштагы үйүнө тарапташтары чогулган.

Ал жерде атайын штаб түзүлүп, журналисттер үчүн маалымат борбору да ачылганы айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM