Биз менен байланышыңыз

Эл аралык басылмалар кол тийбестик тууралуу: «Атасын да аяган жок»

Дүйнө | 28 Июн 2019 | 1009 | 0

Кыргызстанда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу маселеси коңшу өлкөлөрдүн жана бир катар эл аралык басылмалардын да көңүлүн бурду. Айрыкча, Борбор Азия чөлкөмүндө Казакстан, Өзбекстандын интернет колдонуучулары Кыргызстандагы саясий кырдаал боюнча өз пикирлерин байма-бай жазып жатышты. КМШ чөлкөмүндө алгач ирет болуп жаткан саясий окуя эл аралык басылмаларда кандай чагылдырылган?

Кыргызстанда жана КМШ чөлкөмүндө алгачкы жолу экс-президенттин кол тийбестиги парламенттин таасири менен алынганы эл аралык басылмалардын да күндемине айланды.

Орусиялык «Новая Газета» басылмасы «Атасын да аяган жок» деген темада макала жарыялап, Атамбаев өз колу менен «тандаган» парламент жана өзү «жетелеп» келген мураскору тарабынан кол тийбестиги алынганын жазды. Орусиялык саясат талдоочу Аркадий Дубнов бул боюнча комментарий берип, «Атамбаев өзү бийликтен кеткен менен, арттан туруп башкарам деген тилеги ишке ашкан жок. Ал журт атасы боло албады», — деген.

Ал эми ВВСнин орус кызматы «Кыргызстан: Экс-президенттин айланасында эмнелер болуп жатат?» аталышындагы макаласында, «Бийлигин тынчтык жолу менен өткөрүп берген Атамбаев коррупцияга шектелүүдө», — деп жазган. Ошондой эле, Атамбаевдин тарапташтарынын учурда көпчүлүгү камакта экенин эскерип, «Мындан улам бул иште саясий боёк барбы?» — деген суроо койгон.

Түркиялык басылмалардын көпчүлүгү бул теманы кыска жаңылык катары чагылдырып, окуянын жүрүшү жана тарыхына кеңири токтолгон эмес.

Эл аралык «Аль-Жазира» басылмасы «Кыргызстан мурунку лидерин иммунитетинен ажыратып, айыптоо даярдоодо» аттуу макала жарыяласа, «Дипломат» басылмасы «Атамбаев иммунитетинен ажыроодо, тарапташтары болсо каршылык көрсөтүүгө бел байлады» деп жазган.

Кыргызстандагы саясий кырдаал Малайзиялык басылмалардын да көңүлүн бурду. «Сандейли» сайты «Кыргызстанда жаңы кризис: Экс-президент кол тийбестиктен ажыратылды» деген темадагы макаласында «Борбор Азиянын чакан мамлекетиндеги» бул абалды жаңы саясий кризистин башталышы катары сыпаттаган.

Мындан сырткары, Индиялык басылмалар да бул темага кыскача токтолуп, экс-президенттин кол тийбестигин кыргыз парламенти алды деп жазышкан.

Ал эми Борбор Азия чөлкөмүндө, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын мамлекеттик эмес басылмалары бул теманы тынбай чагылдырып, ар бир этап боюнча маалыматтарды беришкен. Айрыкча коңшу өлкөлөрдөгү интернет колдонуучулар да бул окуяларга кайдыгер карабай, ар түрдүү пикирлерди калтырышкан.  «Узнет» колдонуучулары же башкача айтканда, өзбек калкы Атамбаев тууралуу жаңылыктарга:

«Кызык экен. Бул киши колундагы бийликти өз колу менен берип салды эле. Мына эми… Андан көрө өмүр бою ээлеп отурса болмок».

«Депутаттар да кызык экен. Өзү чыныгы эркек катары кызматын тапшырып, эс алууга кеткен жалгыз президент болсо, эми аны да жайына койбой жатышат. Мындан кийинки президент эми биротоло кетпей турган болот го?..»

«Айып өзүндө, такты бекем кучактап жата бербейт беле… башка кошуналарынан «үлгү» алып», — деген какшык аралаш комментарийлерин жазышкан.

Казакстандыктар да бул боюнча пикир жазып, айрымдары: «Бул жерде америкалыктардын колу бар окшойт, Атамбаевден колуңду тарт, Америка!» — дешсе, кай бири: «Кыргыздар демократия жаатында бизден бир топ алдыга кетти. Бизде аларга жетиш кайдан?» — деп жазышкан. Дагы бир колдонуучу: «Борбор Азиядагы жалгыз экс-президентти камоого аракет кылышууда. Муну менен эч жакшылык таппайсыңар», — деген. Ошондой эле, көпчүлүгү комментарийлери аркылуу Атамбаев бетке айткан мүнөзү менен өзгөчөлөнгөнүн жана демократияга салымы болгонун кошумчалашкан.

Copyright © 2017 Maral FM