Биз менен байланышыңыз

Иркутск облусундагы суу ташкынынан улам 842 адам эвакуацияланды  

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Июн 2019 | 435 | 0

Орусиянын Иркутск облусундагы суу ташкынынан улам 842 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы билдирди.

Ошондой эле, 6 киши өз алдынча коопсуз аймакка жөнөгөндө дарыядагы кайык оодарылып, 8 жашар бала менен 86 жаштагы карыя сууга агып кеткен. Учурда аларды издөө иштери жүрүп жатат.

Кошумчалай кетсек, ак жаандын айынан дарыядагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Иркутск облусунун Нижнеудин, Тайшет, Тулун райондору суунун астында калган. Анын айынан 2,39 турак жай, 13 чоң көпүрө жана бир топ коомдук жайлар жабыркап, аталган аймактарга өзгөчө кырдаалдар абалы киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM