Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Облус башчысы эми Арыста бир ай жашайт

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Июн 2019 | 534 | 0

Казакстандагы Түркстан облусунун башчысы Умирзак Шукеев Арыс шаарында бир ай жашамай болду. Облусту башкаруу иштерин ошол жактан жүргүзөт. Бул тууралуу Tengrinews.kz. басылмасы билдирди.

Маалыматка ылайык, эң алгач турак жайларды жана социалдык обьекттерди калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.

Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, Арыс аймагындагы аскердик бөлүктөгү жарылуудан улам үйлөрдүн 80 пайызы бузулган.

Ошондой эле, бүгүн эртең менен Чымкентке көчүрүлгөн Арыстын жашоочулары үйлөрүнө кайтып келишти.

Кошумчалай кетсек, 24-июнда Түркстан облусуна караштуу Арыс шаарында ок-дары сакталган кампадагы жарылуудан 46 адам жабыр тарткан. Аталган шаарда жалпы 45 миңден ашуун тургун бар.

Copyright © 2017 Maral FM