Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Казынаны толтурбаган жетекчилерди жоопко тартуу керек

Кыска кабар | 28 Июн 2019 | 717 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Президент аймактык өнүгүү, мамлекеттик органдардын ишмердигин санариптештирүү, анын ичинде салыктык процедураларды фискалдаштыруу жана «Түндүк» ведомство аралык электрондук системаны киргизүү, «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруу боюнча чараларды тездетүү зарылдыгына көңүл бурду.

Коопсуздук Кеңешинин санариптештирүү жана жер казынасын пайдалануу маселелери боюнча чечимдеринин аткарылышы жетиштүү көзөмөлдөнбөй  жатканын айтты.

Мындан тышкары, райондордун борборундагы жолдорду оңдоо, Түндүк-Түштүк, Бишкек-Кара-Балта, Ош-Баткен-Исфана-Худжант жана башка республиканын негизги автожолдорун куруунун жүрүшүнө көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгы баса белгиленди.

Президент республикалык бюджеттин толтурулушу боюнча пландык көрсөткүчтөрдү толук көлөмдө аткаруу жана мамлекеттик казынанын чыгаша бөлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

«Казынанын киреше бөлүгүн толук эмес аткарган мамлекеттик органдардын жетекчилери жеке жоопкерчилик тартышы керек», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчысы бюджеттин корголгон беренелерин өз мөөнөтүндө каржылоо, инфратүзүмдүк өнүгүүнүн долбоорлорун ишке ашыруу, агроөнөр жай комплекси жана башкалар жөнүндө маалымат берди.

 

Copyright © 2017 Maral FM