Биз менен байланышыңыз

Путин баалаган дүйнөлүк лидер ким?

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Июн 2019 | 448 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин азыркы замандагы дүйнөлүк лидерлердин арасынан Франциянын мурунку президенти Жак Ширакты бааларын айтты. Бул тууралуу Британиянын FT басылмасына берген интервьсунда билдирди.

Басылманын маалыматына ылайык, жалпы дүйнөлүк лидерлердин арасынан Петр Iди бааларын айткан. Ал эми азыркы башчылардан таасир калтырган лидер катары Франциянын мурунку президенти Ширакты атаган.

Журналист Петр I жок экенин айтканда, Путин: «Анын жасаган иши тирүү болсо, ал да тирүү. Биздин жасаган эмгектерибиз бар экен, демек биз да барбыз. Эгер силер бүгүнкү күндөгү мамлекет башчыларынан айтып жатсаңар, мамиле жасаган инсандардан мени таң калтырганы Франциянын мурунку президенти Ширак мырза. Ал — чыныгы интелектуал, чыныгы профессор, кызыктуу, салмактуу инсан»,- деп жооп берди.

Copyright © 2017 Maral FM