Биз менен байланышыңыз

Путин менен Трамп «Чоң-20» саммитинин алдында кыскача маектешти

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Июн 2019 | 501 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин жана АКШ президенти Дональд Трамп Осакадагы «Чоң-20» саммитиндеги сүрөткө түшүү учурунда кыскача маектешти. Бул тууралуу ТАСС агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, эки өлкө башчы бири-бирин жылуу кабыл алып, жандуу сүйлөшүүлөр орун алган.

Буга чейин Трамп саммитте Путин менен «жакшы маек» күтөрүн айткан.

Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков эки тараптуу жолугушууда Иран, Украина, Сириядагы жана Жакынкы Чыгыштагы аймактык коопсуздук, курал-жаракты текшерүү жана өз ара алаканы жакшыртуу маселелери боюнча талкуу жүрөрүн билдирген.

Белгилей кетсек, бүгүн 28-июнда дүйнөнүн 20 мамлекети мүчө болгон «Чоң-20» саммити башталды. 28-29-июнга белгиленген 2 күндүк иш-чара Жапониянын Осака шаарында өтүп жатат.

«Чоң-20» саммитине Австралия, АКШ, Аргентина, Бразилия, Германия, Жапония, Индия, Индонезия, Италия, Канада, Кытай, Мексика, Орусия, Сауд Аравия, Түркия, Франция, Түштүк Африка Республикасы, Түштүк Корея, Улуу Британия өлкөлөрү жана Европа Биримдиги мүчө болгон. Андан тышкары, жыйындын жүрүшүнө эл аралык уюмдар: Каржылык Туруктуулук боюнча Кеңеши,  Эл аралык Валюта Фонду,  Дүйнөлүк Соода Уюму, Бириккен Улуттар Уюму жана Дүйнөлүк Банк байкоо салат.

 

Copyright © 2017 Maral FM