Биз менен байланышыңыз

Элет элине жакшы кабар… Сугат маселеси бир жумада чечилет

Коом | 27 Июн 2019 | 477 | 0

Айыл жергесиндеги сугат көйгөйү бир жуманын ичинде толук чечилет. Мындай маалыматты Суу чарба департаментинен кабарлашты. Алардын билдиришинче, дыйкандардын ишине көйгөй жараткан бул маселенин бирден-бир себеби: агын суулардын азайышы. Бирок айрым серепчилердин айтымында, мындай көйгөйлөр жылыга каттала берет. Бийликтин маселеге кош көңүл караганынан дыйкандар жылда кыйналат деген да пикирлер жок эмес.

Ат-Башы районунун тургуну Арслан Толубеков чөптүн биринчи сугатынын азыркыга чейин башталбай жатканына нааразы. Бул убакта бардык айылдын биринчи сугат иштери бүтүп калышы керек эле деп, эгерде мындай көрүнүш улана берсе, быйыл түшүм кыйла төмөндөп кетет деген тынчсыздануусун билдирет.

— Быйыл сугат иштери аябай эле кечеңдеп жатат. Ушул убакытта бардык жерде биринчи сугат бүтүп калмак, бирок азыр суу жоктугуна байланыштуу сугара албай турабыз. Чөп көтөрүлүп кеткенден кийин, сугаргандан пайда жок болуп калат. Эгер мындай көрүнүш улана берсе, быйыл түшүм албай калабыз го?

Ал эми Жалал-Абад облусундагы Таш-Булак айыл аймагынын башчысы Нурбек Самудинов быйыл кургакчылык өзгөчө болуп жатканын билдирип, а бирок аталган айылда сай бар болгондуктан, сугат иштеринде көйгөй жаралбаганын айтат.

— Чындыгында учурда кургакчылык болуп жатат. Аба ырайын көрүп эле жатасыздар, ошол нерсе менен түздөн-түз байланышта болот. Бирок биздин айылда суу жок деген маселе жарала элек. Себеби, өзүбүздүн сай бар, ошол жактан кезек-кезеги менен дыйкандар сууну буруп алышууда. Суусу жок айылдарды айталбайм, аякка сууну тартып баруунун өзү эле чоң көйгөй.

Сууга атайын электрондук өлчөөчү аппарат коюш керек. Мындай пикирди айыл чарба адиси Манас Саматов билдирди. Анын айтымында, кургакчылык болуп жатат деген шылтоо жылыга айтыла берет, бул чоңдордун жүргүзүп жаткан саясаты. Андан тышкары, «Маселе 1-2  жылда чечилбесе, дыйкандарга жана элге кыйын болот», — дейт.

— Чоңдор жылыга кургакчылык болуп жатат деген атайын маалымат таратышат. Бул — алардын ич ара жүргүзгөн саясаты. Суу толуп эле жатат, болгону бул жакта да коррупция ойноп кетүүдө. Бул маселени чечүү үчүн сууну ченей турган атайын электрондук аппарат алышыбыз керек. Ошондо кайсы айыл сууну көп колдонуп жатканы билинет.

Өлкөдөгү сугат маселеси бир жуманын ичинде чечилет. Мындай маалыматты Суу чарба департаментинин директорунун орун басары Искендер Жолдошалиев кабарлады. Ал көйгөйлүү маселенин жаралуу себебин жылдан-жылга агын суулардын азайып жатканынан көрөт.

— Акыркы 1-2 жумада суу тартыш болуп, дыйкандарга бир топ көйгөй жаратты. Мунун себеби мөңгүлөрдөн суунун аз келиши, кичи дарыялардын азайышы болду. Бирок ошондой кырдаалда биз сууну 2 эсе көп берип жаттык. Бул көйгөй 1 жуманын ичинде чечилет.

Статистика комитетинин маалыматына таянсак, Кыргызстанда жалпы калктын 60 %ы дыйканчылык жана малчылык менен алектенет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM