Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин элдик штабы бийликке бир нече талап койду

Кыска кабар | 27 Июн 2019 | 1045 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Кой-Таш айылында маалыматтык жыйын өткөрдү. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары Анвар Артыков, Ирина Карамушкина, Карамат Орозова, Президенттик Аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов жана башка бир нече адам катышты.

Жыйында тарапташтар тарабынан элдик штаб түзүлүп, алар өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго жана Жогорку Кеңешке төмөнкүдөй бир нече талаптарды коюшту:

  1. Президент Жогорку Кеңешке түздөн-түз таасир бергенин токтотсун;
  2. Президент Сот түзүмдөрүнө мыйзамсыз буйрук берип эл үчүн иштегендерди куугунтуктап, аларга каршы колдонбосун;
  3. Иниси Асылбек Жээнбековдун мамлекеттик башкарууга кийлигишүүсүнө бөгөт койсун;
  4. Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева түндук-түштүк маселесин козутканы үчүн депутаттык мандатын тапшырсын;
  5. Депутат Иса Өмүркулов жугунду ичкендер деп сындаганы үчүн жоопко тартылсын;
  6. Саясий туткундар бошотулсун;

Ошондой эле, элдик штаб эгерде жогорудагы талаптары аткарылбаса, бийликтин алмашышын талап кыла тургандарын билдиришти.

Эске салсак, бүгүн бир нече саат мурун Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыраткан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM