Биз менен байланышыңыз

Расмий Кремль Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу боюнча пикирин билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Июн 2019 | 2350 | 0

Расмий Кремль Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинен ажыратылышын өлкөнүн ички иши деп эсептейт. Мындай пикирин Орусиянын президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.

Кремль Атамбаевдин абалына кандай баа берет деген журналисттердин суроосуна «Мындай маселелер ар бир өлкөнүн ички иши болуп саналат. Биз бул иштерге аралаша албайбыз, укугубуз да жок»,— деп жооп берди Песков.

Ошондой эле, мамлекеттердин  тарыхы, тажрыйбасы ар кандай болгондуктан, сырттан туруп сынга алуу туура эмес болорун айткан.

Copyright © 2017 Maral FM