Биз менен байланышыңыз

Трамп менен Путин эртең Жапонияда жолугушат

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Июн 2019 | 510 | 0

АКШ жана Орусия президенттери эртең, 28-июнда Жапониянын Осака шаарында өтүүчү «Чоң-20» саммитинде жолугушат. Бул тууралуу АКШ президентинин маалымат катчысы билдирди.

Буга чейин, АКШнын лидери Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен «Чоң-20» саммитинде жемиштүү маек өтөрүн билдирген.

АКШ жана Орусия президенттердин эки тараптуу жолугушуусунда Иран, Украина, Сириядагы жана Жакынкы Чыгыштагы аймактык коопсуздук, курал-жаракты текшерүү жана өз ара алаканы жакшыртуу маселелерин талкуулашары күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM