Биз менен байланышыңыз

Бишкекте дүйнө эпосторунун V Бүткүл дүйнөлүк фестивалы башталды

Кыска кабар | 27 Июн 2019 | 424 | 0

Бишкекте дүйнө элдеринин эпосторунун V Бүткүл дүйнөлүк фестивалы башталды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Иш чарада илимий-практикалык жана маданий-таанып-билүүчү бөлүктөн турган кеңири программа камтылган.

Учурда фестивалдын алкагында эл аралык илимий-практикалык симпозиум өз ишин улантууда. Анда дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн келген окумуштуулар, изилдөөчүлөр эпикалык мурастын сакталып калышы жана өнүгүшү тууралуу маселелерди талкууга алышууда. Өз ара тажрыйба алмашып, бул жааттагы жетишкендиктерди жана көйгөйлөрдү сөз кылышат.

Мындан тышкары, манасчылардын жана дастанчылардын кароо-сынагы өтүп жатат. Ошондой эле, бүгүн кечки саат 17:00дө фестивалдын салтанаттуу ачылышы болот. Анда көчмөндөрдүн каада-салты көрсөтүлүп, кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өткөрүлөт. Иш-чара концерттик программа менен коштолот.

Аталган фестивалдын алкагында «Мыкты кыргыз боз үйү», «Көчмөндөр стили», «Мыкты манасчы» жана «мыкты дастанчы» номинациялары боюнча сынак жүрөт.

Бүгүн башталган фестиваль 29-июнда Чолпон-Ата шаарындагы «Рух-Ордо» маданий-этнографиялык комплексинде жыйынтыкталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM