Connect with us

Молдобаев: Эки кишинин амбициясы үчүн эл бөлүнбөшү керек

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Июн 2019 | 764 | 0

Эгерде мурунку жана азыркы президенттин тирешүүсү күчөп, тарапташтардын ортосунда чыр чыгып кетсе, эгемендүүлүктөн айрылып калышыбыз мүмкүн. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин 5-чакырылыштын депутаты Нарынбек Молдобаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Атамбаевдин тарапташтары нааразы болуп көтөрүлүшкө чыкса, эки жактын тирешүүсү аймактык бөлүнүп-жарылуу көйгөйүн жаратат. Мындай бөлүнүүлөр кошуналардын биздин өлкөнү басып кирүүсүнө жол ачат. Эгер бул маселе көтөрүлсө, кыргыз эли жок болот.

«Кыргыз элинин бактысы – эгемендүүлүгүндө. Ошол эгемендүүлүктү жакшы көтөрө албай жатабыз. Мурунку жана азыркы бийликтин өзүм билемдигинин айынан эгемендүүлүктөн айрылып калбасак эле болду. Андай жагдай орун алса, ага эл эмес, бийлик күнөөлүү болот. Эгерде азыр чыр чыгып кетсе, жеке эле бизнесмендер, жөнөкөй эл эле кыйналбастан, биз эгемендиктен айрылып калабыз. Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда чек ара маселеси курч. Биз ички бөлүнүүгө алдырсак, тыштан келүүчү кысымга кабылышыбыз ыктымал. Эки кишинин амбициясы үчүн азыр Кыргызстандын экономикасы, биримдиги жана эгемендүүлүгү коркунучта турат. Эки дос эсин жыйып, элди бөлүп-жарбай, эртерээк сөзгө келишсе жакшы болмок. Негизинен элдин бөлүнөйүн деген ою жок, муну саясатчылар жасашууда. Мындай орчундуу учурда эл экиге бөлүнбөй, биримдикти сакташыбыз керек», — деди Молдобаев.

Copyright © 2017 Maral FM