Биз менен байланышыңыз

Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Кой-Ташты күзөтөт

Саясат | 26 Июн 2019 | 748 | 0

Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевге коюлган коррупциялык иштерге байланыштуу 5 дооматты негиздүү деп тапкан. Ал Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында жарыялаган соӊ, экс-президенттин тарапташтары Кой-Таш айылына элдик штаб түзүштү.

— Буга чейин канчалаган балдарыбыз жалган жалаа менен камалып кетти. Эми мындан ары Кыргызстанда акыйкаттык орномоюнча, штабда турганыбыз-турган. Күнү-түнү ушул жерде болуп, коргоого даярбыз.

— Бүгүн эл ичи экиге бөлүнүп уруш чыкпай, элибизде тынччылык болсо деген ниетте келгенбиз. Анткени, кыргызстандыктар түндүк-түштүккө бөлүнүп бара жатабыз. Ич ара келишпестик жаштарга залалын тийгизиши мүмкүн, коркконубуз — кан төгүлүп кетүүсү.

— «Атамбаевге баргандарга акча берип жатыптыр» деген маалыматтар чыгып жатат. Каяктагы миӊ, каяктагы 5 миӊ! Биз жөн гана эл катары коргоо максатында келип жатабыз.

Атамбаевдин тарапташтары билдиргендей, Кой-Таш айылындагы турак үйүнүн алдына өз демилгелери менен элдик штаб түзүшкөн. Андагы 400гө жакын элдин көпчүлүгү Ысык-Көл, Талас облустарынан, Чүй облусунун Ала-Арча, Кой-Таш айылдарынан жана Бишкек шаарынан келгендер. Бул боюнча штабдын башында турган Кыяз Исмаилов: «Бул жакта эч кандай чагымчылдыкка жол берилбейт, мыйзам чегинде бийликке үнүбүздү жеткиребиз», — дейт.

— Азыр коомчулук арасында: «Башаламандык чыгыптыр, чогулуп алып Ак үйгө барышат экен», — деген кептер тарап жатат. Чогулганыбыз менен эч кандай жаман ой жок, мыйзамдуу жол менен өзүбүздүн үнүбүздү бийликке жеткирели деп турабыз. Ал эми бул жактагы күзөтчүлөр чагымчылык уюштургусу келгендерди көзөмөлгө алуу максатында иш алып барат.

Колдоого келген активисттерге жана Апрель окуясынын катышуучуларына экс-президент Алмазбек Атамбаев жылуу учурашып, ыраазычылык билдирди.

— Жаратканым элибизге, жерибизге ынтымак берип, кайрадан жолун ачып бер. Ушу кара балээлерден элибизди куткар. Кары-жашыбыз эч качан жамандык көрбөсүн.

Андан соӊ, Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин кол тийбестик макамын алуу боюнча токтому жана башпрокуратура козгоп жаткан кылмыш иши боюнча журналисттерге маалымат бермек. Бирок, ал билдирүүсүн кат жүзүндө «Бардык иштерди кыргыз эли үчүн жасагам», — деген таризде жарыялады. Бул билдирүү боюнча саясат талдоочу Алмазбек Мамбеталиев өз оюн айтып, «Экс-президент тергөөдөн өзүнүн ак экенин далилдеши керек», — деди. 

— Жогорку Кеңештин комиссиясы да, Башкы прокуратура да, ЖК комитети да так кесе экс-президентти күнөөлүү деп айткан жок. Жөн гана күнөөнүн шектери бар, шектөөгө негиз бар деген сөздү колдонуп жатышат. Аны тергөө гана аныктайт. Эми тергөө жүргүзүш үчүн ошол эле кол тийбестиги мыйзамда жазылган процедуранын негизинде алынганы турат.  Эгер макам алынса,  анда Атамбаев жөнөкөй жаран катары жактоочу жалдап укугун коргосо болот. Азырынча күнөөлүү же күнөөсүз деп айтканга эч кимдин укугу жок. 

А бирок экс-президенттин тарапташтары мындай пикирлерге караманча каршы. «Бул бир гана саясий куугунтук», — дейт КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов.

— Азыркы бийлик өкүлдөрүнүн бул кадамын саясий куугунтук деп эсептейбиз. Экинчиден, укук коргоо органдары, күч түзүмдөрү элге каршы чыкпайт деп ишенем. Анткени, 2005, 2010-жылдагы төӊкөрүштү эске алуулары керек. Албетте, элдик штабды түзүп, коргоо үчүн биз да турабыз.

Ал эми саясат талдоочу Жолборс Жоробеков эл чогултуу жакшы натыйжа алып келбейт деген пикирде. «Себеби, коомду башаламандыкка чакырган бул кадамы — Кыргызстандын аброюна шек келтирет», — дейт ал.

— Биринчиден, элдин Кой-Ташка чогулуусунун өзү туура эмес. Экинчиден, тарапташтардын мындай кадамга баруусу башаламандыкка алып келүүсү мүмкүн. Үчүнчүдөн, бизди дүйнө карап турат, Атамбаев ушул жасап жаткан иштери менен өлкөнүн келечегине катуу шек келтирип жатат. Анткени, биз коӊшу жана башка өлкөлөр менен карым-катнашты улантабыз.

 

Copyright © 2017 Maral FM