Биз менен байланышыңыз

Президент: Бактылуу бала бактылуу үй-бүлөдө гана өсөт

Кыска кабар | 25 Июн 2019 | 882 | 0

Ушу тапта Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Баланын укугу жөнүндө БУУнун конвенциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын бул конвенцияга кошулганынын 25 жылдыгына арналган Улуттук форум өтүп жатат.

Иш-чарага катышкан президент Сооронбай Жээнбеков «Балдардын гармониялуу өнүгүүсү —  мамлекеттин артыкчылыктуу багыты бойдон калат», — деди.

Өлкө башчысы өз сөзүндө 2006-жылы Кыргызстан Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинен биринчилерден болуп балдар жөнүндө кодексти кабыл алганын белгиледи. Кодекс балдардын укугун бекемдеп, балдарды коргоого мүмкүнчүлүк берген принциптерди жана механизмдерди түзгөнү, мамлекеттик органдардын жана уюмдардын милдеттери кодексте так аныкталганы президенттин билдирүүсүндө айтылды.

Президент Сооронбай Жээнбеков айрым кемчиликтер орун алганын да белгилеп өттү.

«Интернат мекемелерине жөнөтүлгөн балдардын саны азайган жок. Жер-жерлерде социалдык кызмат көрсөтүүлөр жетишсиз экени белгилүү. Коомдо коргоосуз калган балдар зомбулукка, кемсинтүүгө дуушар болгон учурлар көбөйүүдө. Тарыхы, ата-бабалардын улуу жолу мындай көрүнүштү жериген коом, гуманисттик дөөлөтөрдү карманган өлкө катары —  кырдаалды жакшыртуу үчүн, кескин чараларды көрүүбүз абзел», — дейт президент.

Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик жана жергиликтүү органдарды, мамлекеттик эмес уюмдарды, жалпы коомчулукту жапатырмак киришип, бул жагдайды өзгөртүүгө кол кабыш кылууга чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM