Биз менен байланышыңыз

Казакстандагы жарылуу: Президент Токаев окуя болгон жерге келди (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Июн 2019 | 1043 | 0

Түркстан облусунун Арыс шаарындагы курал сакталган жайдагы жарылуудан бир киши каза болгонун өлкөнүн Коргоо министри Нурлан Ермекбаевдин билдирүүсүнө таянып, Sputnik Казакстан жазды.

Маалыматтарга караганда, ал автоунаасы менен келе жатканда снаряд анын үстүнө түшкөн. Мындан сырткары, эки адамдын абалы оор. 31 жаран ооруканага жеткирилген.

Өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев Түркстан облусуна барганы кабарланган. Токаев жарылуунун кесепетин жоюу үчүн ыкчам чара көрүүнү, тургундардын коопсуздугун камсыздоону жана жарылуунун себептерин тактоону тапшырган.

Эске салсак, 24-июнда эртең менен Казакстандын куралдуу күчтөрүнүн ок-дары сакталган жайы жарылган. Маалыматтарга караганда, алгач өрт чыгып, андан соң курал-жарак турган жайга өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM