Биз менен байланышыңыз

Араб компаниясы «Дастан» ишканасы менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду

Кыска кабар | 24 Июн 2019 | 392 | 0

Арабиянын «Sniper company limited» соода-экономикалык компаниясынын өлкүлдөрү улуттук «Дастан» компаниясынын иши менен таанышты. Бул тууралуу аталган компаниянын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда «Sniper company limited» компаниясы «Дастан» компаниясы менен Жакынкы Чыгышка медициналык лабораториялык буюмдарды өндүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Өз кезегинде «Дастан» компаниясынын өкүлү Таалай Темиралиев өз продукцияларын  Жакынкы Чыгыш жана Африка өлкөлөрүнүн рыногуна чыгаруу маанилүү экендигин белгиледи.

Жолугушуунун соңунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM