Биз менен байланышыңыз

Грузия: Оппозиционерлер кайрадан көтөрүлүшкө чыгат

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Июн 2019 | 910 | 0

Грузиядагы абал күч түзүмдөрү тарабынан көзөмөлгө алынып, парламенттин аймагында көтөрүлүшкө чыккандар таңга маал тарап кетишкен. Бирок оппозиция тобу кечкисин, Тбилиси парламентинин имаратынын алдына кайрадан нааразылык акциясына чыгууга камданып жатышат. Бул тууралуу «Бириккен улуттук кыймылы» оппозициялык партиясынын төрагасы Григол Вашадзе билдирди.

Вашадзенин айтымына караганда, бүгүн, кечки саат 7лер чамасында бардык оппозициялык күчтөрдүн өкүлдөрү чогулат. Алар парламенттин төрагасы Кобахидзе жана Ички иштер министри Гахаринин отставкасын талап кылып жатышат. Ошондой эле, кезексиз парламенттик шайлоону өткөрүү зарылдыгын айтышууда.

Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу, Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили Беларусиядагы сапарын токтотту. Ал Европа оюндарына катыша албай тургандыгы үчүн кечирим сурап, «Грузияда туруксуз абал болуп турганда, президент сөзсүз түрдө Тбилисиде болушу керек», — деп билдирген.

Белгилей кетсек, 20-июнда Грузин парламентинин алдындагы нааразылык акциясында милиция кызматкерлери демонстранттарга каршы желим окторду жана көздөн жаш агызуучу газды колдонгон. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, мунун кесепетинен 240 адам жаракат алган. Учурда анын 120сы ооруканада дарыланууда. Алардын арасында газ бетине тийип, көзүнөн айрылган журналисттер да бар экени айтылууда.

Эске салсак, митингдин чыгышына Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Сергей Гавриловдун Тбилисидеги жыйын учурунда спикердин ордуна отурганы себеп болгон. Нааразычылык акциясынын катышуучулары Орусиялык депутат-коммунист Сергей Гавриловдун спикердин орундугуна отуруп, жыйындагы адамдарга оручса сүйлөгөнүн «Грузияны сыйлабагандык» катары баалаган.

Оппозиционерлер буга көз жумган Грузия бийлиги чоң ката кетиргенин айтышып, «бул — өлкөнү сатканга барабар» дешүүдө.

Ал эми Гаврилов 20-июнда Грузияда болгон окуяга кайрадан төңкөрүш жасоо аракетинде чагымчылык болгонун айтты. Бийликти радикалдык жол менен басып алуу аракеттери жүрүп жатканын, буга Грузиянын экс-президенти Саакашвилинин тиешеси бар экенин кошумчалаган.

Copyright © 2017 Maral FM