Биз менен байланышыңыз

Кол тийбестик башкаларда кандай?

Саясат | 20 Июн 2019 | 622 | 0

Эл өкүлдөрү жактырган комиссиянын корутундусу Башкы прокуратурага жолдонот. Эми башпрокурор тарабынан Жогорку Кеңешке маалымат берилген соң, 120 депутаттын үчтөн экиси колдоо көрсөтсө, Алмазбек Атамбаев экс-президенттик макамынан ажырайт.

А эмнеге ажырабаш керек? Мындай суроону депутат Каныбек Иманалиев коюп, мыйзам бузган адам сөзсүз жооп бериши керектигин белгилеп, башка өлкөлөрдүн мисалында буларды тизмектеп берди:

— Эмне үчүн дүйнөдө 21 экс-президент кылмышы үчүн соттолот да , 22-болуп Атамбаев соттолбошу керек? Бразилиянын, Кениянын, Израиль, Польша, Аргентинанын президенттери, ошондой эле, диктатор Саддам Хусейн соттолгон. Грузиянын президенти өлкөсүнө кире албай жүрөт. Франциянын президенти Саркази «байкуш» мэр болуп турганда, 5-6 жумушчу орунду жалган түзө койгон делип, соттолуп кетти. Атамбаевдин кылмышына караганда, аныкы дегеле кылмыш эмес. Перунун президенти 25 жылга соттолгон. Тейлорду Гага соту дүйнөлүк акыйкаттыкта соттогон. Кечээтен баштап, Украинанын экс-президентине да кылмыш иши козголду.

Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө мындай көрүнүш боло элек. Казакстандын мурунку президенти Нурсултан Назарбаев мамлекетти жетектеп тургандагы ыйгарым укуктары үчүн жооптуу эмес. Анын «Улуттун лидери» деген макамы кол тийбестигин толук камсыздап берет. Ушундай эле макам жана мүмкүнчүлүк Тажикистандын президенти Эмомали Рахмондо да бар. Бирок демократиялык өлкөлөрдө абал башка. Мындай пикирин билдирген дипломат Кубан Мамбеталиев Түштүк Кореяны мисалга тартты.

— Дүйнө жүзүндө классика болуп калган мисалды айтып берейин. Родди Ву деген Түштүк Кореянын президенти болгон. Алар демократиялык өлкө. Бийликте түбөлүккө калууга болбойт. Родди Ву президенттик убактысы бүтүп, кызматтан кеткенден 20 жыл өткөндөн кийин журналисттер анын былык иштерин  казып чыгышкан. Ошол иштин негизинде Ву 20 жылга соттолгон. 

Кылмыш үчүн кандай болбосун, сөзсүз жоопко тартылуусу керек. Мындан сырткары, Кыргызстандын мисалы башка өлкөлөргө да сабак болот. Мындай пикирин Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов билдирди.

— Элдин баары күбө. Ошол эле кычкач, 54 миңге видеокамераларды сатып алуу жана башка ушул сыяктуу иштер. Кылган кылмыш ишине жооп бериши керек. Андай көп өлкөдө бар. Эгерде качан болбосун, кылмыш үчүн жоопко тартылышы керек десе, бул — абдан туура. Элге да ачык-айкын көрсөтүлүп, күнөөсү мойнуна коюлса, биз үчүн чоң сабак болот. Бизге гана эмес, КМШ өлкөлөрүнүн ичинде да биринчи жолу болуп жаткан нерсе.

 Ал эми саясат талдоочу Чынара Эсенгулдун айтымында, ар бир өлкөнүн кадамдары өзүнүн мыйзамдарына жараша болушу керек. Бирок Кыргызстандагы акыркы абал жалпы маданияттын деңгээлин көрсөтүүдө.

— Ар бир мамлекет өзү чечип алат. Жаныбыздагы эле Казакстанды мисалга алсак, «өмүр бою Эл башы» деп, мүмкүнчүлүктөрү көп. Ал эми Европа өлкөлөрү парламенттик болгон үчүн президент болгон учурда жана экс-президент болгон соң да, коргоо иммунитети күчтүү эмес. Менин оюмча, биздин өлкөдөгү азыркы көрүнүш, маданиятыбыздын күзгүсү болуп жатат. 

Кошумчалай кетсек, экс-президент Алмазбек Атамбаевди макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу жактырылды. Анда жалпы 105 депутаттын 100ү корутундуну колдоду.

Эми бул токтом Башкы прокуратурага жолдонот. Андан соң башпрокурор тарабынан Жогорку Кеңешке маалымат берилет. Ошондо 120 депутаттын үчтөн экиси колдоо көрсөтсө, Алмазбек Атамбаев экс-президенттик макамынан ажырайт.

Copyright © 2017 Maral FM