Connect with us

Ошто мээге скальпелсиз операция жасалды

Кыска кабар | 20 Июн 2019 | 561 | 0

Ош облустар аралык биргелешкен клиникалык ооруканасында Казакстандын «Борбордук клиникалык ооруканасы» акцонердик коомунун Нейрохирургия бөлүмүнүн жетекчилери менен мээге «Ювелирдик» жогорку технологиялык скальпелсиз операция жасалды. Бул тууралуу аталган оорукананын маалымат бөлүмү билдирди.

Операция 2001-жылы туулган бейтапка жасалган. Бейтап мээнин тубаса артериялык мальформация оорусу менен ооруган.

Жасалган операция жогорку технологиялык медициналык кызмат көрсөтүлгөн категорияга кирип, кесилбей ишке ашырылган.

Казакстандан келген  дарыгер Мыңжылкы Бердихожаев билдиргендей, Казакстанда аталган операция 11 жылдан бери ишке ашырылып келет. Ошто да бул операция туруктуу негизде ишке ашырыла турганына үмүттөнөрүн билдирди. Мындан сырткары, мамлекеттин колдоосу болуш керектигин кошумчалады.

Мыңжылкы Бердихожаев ошондой эле, операциянын тобокелдиктерди бар экенине токтолуп, бирок оорунун коркунучу операциянын коркунучуна караганда, ар дайым жогору боло тургандыгын белгиледи.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM