Биз менен байланышыңыз

«Жаштар үчүн чек ара жок!» аталышындагы кыргыз-өзбек фестивалы өттү

Кыска кабар | 20 Июн 2019 | 689 | 0

«Жаштар үчүн чек ара жок!» аталышындагы кыргыз-өзбек жаштарынын фестивалынын расмий ачылышы өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Фестиваль өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын демилгеси менен ПРООН жана ЮНИСЕФ уюмдарынын колдоосу астында өткөрүлдү.

Фестивалдын максаты: эки өлкөнүн жаштарынын чек арасыз, чектөөсүз жылуу мамиледе болуусуна шарт түзүү жана байыртан уланып келе жаткан байланышты токтотпой, ынтымакты ыдыратпай, достук мамилени бекемдөө болуп саналат.

Жалал-Абад шаарындагы Билимканада уюштурулган иш-чарада кол өнөрчүлөрдүн, Жалал-Абад облустук Көркөм сүрөт мектеп-интернатынын окуучуларынын эмгектери көргөзмөгө коюлуп, «Этно» фольклордук тобу тарабынан кыргыз ырлары жаңырды.

Эскерте кетсек, бүгүн Жалал-Абад шаарында өткөн фестиваль, 21-22-июнда Токтогул районунда уланат.

Copyright © 2017 Maral FM