Биз менен байланышыңыз

ЮНИСЕФ Кыргызстанга 12 млн сомдук коргонуучу каражат тапшырды

Кыска кабар | 18 Авг 2021 | 337 | 0

ЮНИСЕФ Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине 12 млн сомдук жеке коргонуу каражаттарын тапшырды. Бул тууралуу аталган уюм расмий сайтына жарыялады.

ЮНИСЕФ медициналык кызматкерлер үчүн 8 миң медициналык бет кап, эмдөөчүлөр үчүн 12 500 жуп кол кап, 11 350 антисептик жана 20 миң жуп гинекологиялык кол кап тапшырган.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги алынган каражаттарды илдет менен кармашта алдыңкы катарда иштеп жаткан медициналык кызматкерлерди коргоо үчүн колдонот.

Ошондой эле энелердин, ымыркайлардын жана медициналык кызматкерлердин коопсуздугу үчүн гинекологиялык кол каптар Бишкектеги, Оштогу жана Баткендеги төрөт мекемелерине жеткирилүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM