Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандын Башкы прокурору кызматтан алынды

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Июн 2019 | 606 | 0

Өзбекстандын башкы прокурору Отабек Муродов кызматтан алынды. Тиешелүү буйрукка президент Шавкат Мирзиёев кол койду. Бул тууралуу Өзбекстандын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ордуна башкы прокурор болуп өзбек сенатынын спикери Нигматулла Юлдашев дайындалды. Нигматулла Юлдашев Ташкетте туулган, учурда 57 жашта.

Белгилей кетсек, Өзбекстандын башкы прокурору акыркы 4 жыл ичинде 4 жолу алмашкан.

Copyright © 2017 Maral FM