Биз менен байланышыңыз

«БШК преференциалдык ыкма менен шайлоо өткөрүүгө даяр»

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Июн 2019 | 772 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы преференциалдык ыкма менен шайлоо өткөрүүгө даяр. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Назарали Арипов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, преференциалдык шайлоо системасындагы өлкөлөр өнүгүп жатат. Андыктан, Кыргызстан да убакыттан уттурбай, ошол ыкма менен шайлоого өтүшү керек.

«Партиялар даяр эмес дешет. Алардын даярдыгын күтө турган болсок, 25 жыл өтөт. Бул боюнча эл өкүлдөрү Жанар Акаев, Мирлан Бакиров сунуштаган мыйзам долбоорлору өтөрүнө ишенбейм. Парламентик шайлоого бир жыл калганда, эч ким оппозицияга чыгууну каалабайт. Качан сатылбай, татыктуу талапкерлерди шайласак, мыкты парламент келет. Ал үчүн партиялык тизме кылып, шайлоочуларга шайлоо укугун беришибиз керек», — дейт Арипов.

Ал ошондой эле, коомчулук «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзам долбоорлор топтомунан орчундуу өзгөрүүлөрдү күтүп жатканын белгиледи.

«Техникалык жактан гана өзгөрүү бар. Бул мыйзам менен парламенттик башкарууга өтө албайбыз. Добуштарды сатып алуу, үгүт иштерин жүргүзүүгө киргизилген чектөөлөр да көп өзгөрүүгө алып келбейт. Мыйзамды ушул бойдон кабыл алсак, парламентке сын мындан да күчөйт», — дейт Арипов.

Ал буга кошумча, шайлоо мыйзамдарын өзгөртүүнүн үстүндө иштеп жаткан жумушчу топтун мыйзам долбоорунан башка мыйзамдар палатага келбей калышы да мүмкүн экенин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM