Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин маселеси Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү

Кыска кабар | 18 Июн 2019 | 697 | 0

Бүгүн, 18-июнда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик макамынан ажыратуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын маалыматы угулду.

Комиссия төрагасы, депутат Каныбек Иманалиев КМШ өлкөлөрүндө биринчи жолу парламент экс-президентти макамынан ажыратуу жөнүндө маселе демилгелегенин белгиледи.

«Экс-президентти макамынан ажыратуу тартиби 8 баскычтан турат. Атайын комиссиянын ишине 12 депутаттын 11и катышты. Комиссия ишинде демилгечи топ тарабынан көтөрүлгөн 9 пункттан турган айыптоолор каралып, алардын 6 пунктунда мыйзам бузуулар бар деген тыянак чыгарылды»,- дейт Иманалиев.

Жыйын соңунда экс-президентти макамынан ажыратуу үчүн депутаттык комиссиянын корутундусун эске алуу тууралуу чечим кабыл алынды. Маселе Жогорку Кеӊештин кароосуна жөнөтүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM