Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Атаханов Батукаевди бошотууга Атамбаевдин катышы бар экенин айтты

Кыска кабар | 17 Июн 2019 | 485 | 0

«Тергөө учурунда бизде мурунку өкмөттөн вице-премьер-министр Шамил Атахановду текшерүү учурунда, ал сурак протоколунда Азиз Батукаевди бошотууда Атамбаевдин катышы бар деп көрсөтүп кетип жатат, тапшырма берилген», — деди Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары Мырзалы Жумаев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын кезектеги жыйынында депутат Каныбек Иманалиевдин суроосуна жооп берип жатып.

Эске салсак, бүгүн экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын кезектеги жыйыны болуп, ага 10 депутат, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү жана эркин байкоочу топтор да катышты.

Copyright © 2017 Maral FM