Биз менен байланышыңыз

Таалатбек Масадыков: «Мамлекеттик кызматта иштегендердин деңгээли төмөн болууда»

Саясат | 17 Июн 2019 | 2074 | 0

   — Таалатбек мырза, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинен ажыратуу маселеси боюнча пикирлер ар башка болуп жатат, айрымдар Жогорку Кеңештин депутаттык комиссия түзүү токтому мыйзамсыз экендигин айта башташты…

— Учурда болуп жаткан кадамдар, демилгелер жеке Атамбаевге каршы болуп жатат. Негизинен кол тийбестик эч кимде болбошу керек. Президент болуп турган учурда кылмыш иштерине аралашып калса, кетирген катачылыктары үчүн жоопко тартылышы керек. Бул маселе мыйзам чегинде чечилиши кажет.

— Кырдаал Кыргызстандагы стабилдүүлүккө, ички саясаттын өнүгүшүнө таасир этеби?

— Албетте, туура эмес жолго түшкөндөн кийин, негативдүү таасирин тийгизет. Эл бар, элдин көз карашы бар, көпчүлүк колдобой жатат. Парламент, Өкмөт тарабынан бул нерсеге көңүл бурулбай келет. Мамлекеттин ичинде болуп жаткан кырдаал жакшы жакка чечилсин.

— Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинен ажыратуу маселесинде геосаясий кырдаал дагы роль ойношу мүмкүнбү?

— Бул нерсе ачык-айкын эле көрүнүп турган абал. Азыркы учурда жагдай кызуу талкууланууда. Убагында жакшы мамиледе болгон лидерлер телефон чалышы мүмкүн. Мамлекеттик кызматта иштегендердин деңгээли төмөн болуп жатат. Өкмөткө келгенде баарына нейтралдуу мамиле кылыш керек. Ар кимге ар кандай мамиле кылбоо керек, жеке мамилелерди, таарынычтарды саясатка аралаштырбаган жакшы.

— Ушундай  кырдаалда экс-президент кандай тактиканы колдонот деп ойлойсуз?

— Атамбаев өзү: «Революцияларды мен уюштургам», — деп жатпайбы, демек бул багытта Атамбаевдин тажрыйбасы бар.

— Экс-президенттердин кол тийбестиги боюнча маселе дүйнө өлкөлөрүндө кандай? Кандай тажрыйба бар?

— Кылмыш менен статус — эки башка түшүнүк. Түштүк Кореда, Япония жана Кытайда эмне болуп жатканын көрүп жатасыңар. Акаевден баштап бардык өлкө башчыларды кечирели, тарыхты жаңы барактан баштайлы. Бирок аларды мамлекеттик органдарга жолотпош керек, таза кадрларды алып келүү керек. Теория жагынан оңой, бирок иш жүзүндө кыйын. Экинчи тарабы — баарына тең иликтөө процессин карайлы. Жеке Атамбаевден баштаганы туура эмес. Андай болсо, биз бир тараптуу болуп калабыз, мен Атамбаевди колдойм деген жокмун. Жалпысынан кырдаалды карап туруп айтып жатам. Менимче, жеке Атамбаевден өч алам дегендердин демилгеси болуп жаткан учуру.

— Маегиңизге рахмат.

Copyright © 2017 Maral FM