Биз менен байланышыңыз

Индияда энцефалит илдетинен 83 бала каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Июн 2019 | 600 | 0

Индиянын түндүк-чыгышындагы Бихар штатынын Музаффарпур аймагында энцефалит илдетинен каза болгон балдардын саны 83кө жеткендигин, Times of India гезити жазды.

Буга чейин аталган оорудан 50 бала каза болгондугу айтылган болчу.

Маалыматка ылайык, энцефалит илдетинин келип чыгуусунун негизи себеби катары күндүн катуу ысышы жана нымдуулук деп айтылууда.

Ошондой эле 108 баланын учурда ооруканада дарыланып жатканын жергиликтүү бийлик кабарлаган.

Кошумчалай кетсек, энцефалит — мээнин сезгенүүсүнөн пайда болгон илдет.

Эске салсак, Бихар штатында бир нече жумадан бери абанын температурасы 40 градустан түшпөй келет. Индиянын борбор шаары Нью-Делиде 10-июнь күнү абанын температурасы 50 градусту көрсөтүп, тарыхындагы эң жогорку температураны көрсөткөн.

Синоптиктердини билдирүүсү боюнча Индиянын түндүк жана борбордук аймактарында дагы 30 күндөй жогорку температура сакталып турат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM