Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстан-Индия» бизнес форуму: Бүгүн долбоорлор тааныштырылат

Кыска кабар | 15 Июн 2019 | 384 | 0

Бүгүн, 15-июнда Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин расмий иш сапарынын алкагында «Кыргызстан-Индия» бизнес форумунун экинчи бөлүгү өтүп жатат.

Анда өлкөлөр инвестициялык долбоорлор боюнча маалымат алмашышат.

Иш-чара Кыргызстан менен Индиянын экономикалык кызматташуусун активдештирүү, инфратүзүмдүк жана энергетикалык долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу жана алдыңкы индиялык компанияларды кызматташууга тартуу максатында өтүп жатат.

Форумга катышуу үчүн эки өлкөнүн белгилүү мамлекеттик инсандары, ишкерлери, алдыңкы жана ири компаниялардын жетекчилери да келишкен.

Белгилей кетсек, 14-июнда «Кыргызстан-Индия» бизнес форумунун расмий ачылышы болуп, ага президент Сооронбай Жээнбеков жана Индиянын премьер-министри Нарендра Моди да катышкан.

Нарендра Модинин расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча 11 документке кол коюлду

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM