Биз менен байланышыңыз

Нью-Йорк: Кызамыкка каршы эмдөө кайра милдеттендирилди

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Июн 2019 | 701 | 0

Нью-Йоркто кызамык эпидемиясы күч алгандыктан, диний көз караштан улам эмдөөдөн баш тарткандарга уруксат берүү жарлыгын жокко чыгарды. Бийлик аны калктын саламаттыгын коргоо максатында жасоого мажбур экендиги менен түшүндүргөн.

Нью-Йорктун губернатору Эндрю Куомо диний ишенимге болгон сый-урматтан мурун, элдин саламаттыгын сактоо маанилүү экендигин билдирген.

Белгилей кетсек, АКШ кызамык эпидемиясы менен 25 жылдан бери күрөшүп келет.

Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, дүйнө боюнча кызамык оорусу былтыркы жылга салыштырмалуу 2019-жылы 300 %га өскөн.

Copyright © 2017 Maral FM