Биз менен байланышыңыз

Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапары: 14 документке кол коюлду

Кыска кабар | 13 Июн 2019 | 964 | 0

Си Цзиньпиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында 14 келишимге кол коюлду. Анын бирөө өлкө башчыларынын биргелешкен билдирүүсү болуп саналат.

Кол коюлган документтер ветеринария, фитосанитария, айыл чарба, экономикалык кылмышка каршы күрөшүү, өзгөчө кырдаалдар, интеллектуалдык менчик, таза суу менен камсыздоо,  Ош шаарынын Кытайдын 3 шаары менен кызматташуусу тармагында болду.

Белгилей кетсек, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Бишкекке мамлекеттик сапарынын алкагында келди.

13-14-июнь күндөрү Бишкекте ШКУнун саммити өтмөкчү. Ага Орусия, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Индия жана Пакистандын катышары күтүлүүдө. Ал эми байкоочу катары Ооганстан, Беларусия, Иран жана Монголиянын да президенттери келет.

Copyright © 2017 Maral FM