Биз менен байланышыңыз

«Конституцияны бийлик бутактары бузууда»

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Июн 2019 | 590 | 0

Конституция толук кандуу иштесе, баары идеалдуу болмок. Бирок аны бийлик бутактары бузуп жатат. Мындай пикирин эл өкүлү Алтынбек Сулайманов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Конституцияны өзгөртүүдөн майнап чыкпайт. Анткени, өзгөртүү ар дайым бийликтин күчүн чыңдоо үчүн гана жасалып келди.

«Өнүккөн өлкөлөрдө Конституция элдин турмушун жеңилдетүү үчүн өзгөртүлөт. Ал эми бизде президенттик башкарууга муктажбыз деген ойлор айтылышы мүмкүн«, — дейт Сулайманов.

Эл өкүлү мындан сырткары, өлкөдө жердешчилик коркунучу бар экенин, аны жогорку эшелондогу саясатчылар уюштуруп жатканын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM