Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Кытай Кыргызстанга 600 млн юань грант бөлөт

Кыска кабар | 13 Июн 2019 | 1519 | 0

Кытай жакында Кыргызстанга 600 млн юань (86 млн 700 АКШ доллары) өлчөмүндө грант бөлөт. Мындай маалыматты президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен болгон жолугушуусунда айтты. Бул каражат транспорт, энергетика жана жолдорду оңдоого жумшаларын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Бишкекке мамлекеттик сапарынын алкагында келди. Тар жана кеңири жолугушуулардын жыйынтыгында 20 документке кол коюлары күтүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, 13-14-июнь күндөрү Бишкекте ШКУнун саммити өтмөкчү. Ага Орусия, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Индия жана Пакистандын катышары күтүлүүдө. Ал эми байкоочу катары Ооганстан, Беларусия, Иран жана Монголиянын да президенттери келет.

Copyright © 2017 Maral FM