Биз менен байланышыңыз

«Атамбаевдин ой жүгүртүүсү терең болгондо, саммиттин алдында митинг уюштурмак эмес»

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Июн 2019 | 792 | 0

Эгерде экс-президент Алмазбек Атамбаев бийликте турганда жакшы ийгиликтерди жаратып кетсе, парламентти сындашы жөндүү болмок. Анын кандай иштегенин эл жакшы билет. Мындай пикирин Жогорку Кенештин депутаты Алтынбек Сулайманов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Атамбаевдин парламентке карата айткан сындары күчөгөндүктөн, эл өкүлдөрү да катуу реакция кылып жатат.

«Атамбаев элге жага турган нерсени тандап, өзүнө ылайыктап, депутаттарды сындап жатат. Анын ой жүгүртүүсү терең болсо, ШКУнун саммитинин алдында мындай нерсеге барбашы керек эле. Нааразычылыгын жыйындан соң айтса болмок. Анын үстүнө, Атамбаев орус тилинде кайрылуу жасап, эл аралык коомчулукка «Кыргызстанда тынчтык жок» деген пикирди жайылтууга аракет кылды. Бул жакшы эмес. Эл: «Экс-президент жакшы жактарын көрсөтө албаса да, тынчыраак отурса», — деп үмүттөнүшөт. Тилеккке каршы, ал үмүт акталбай жатат», — дейт Сулайманов.

Эл өкүлү акыркы убакта парламентке сын күчөгөнүн айтып, эл өкүлдөрү жакшы иштеп жатат дегенден алыс экенин да белгиледи. Ошол эле учурда парламент кээде өзүнүн функциясын так аткара албай жатканын жашырган жок.

Эске салсак, КСДП 8-июнда «Коррупция менен реалдуу күрөшүү үчүн» аталышындагы митинг өткөрүп, ага Атамбаев да катышкан. Ал парламентти, президентти сынга алган.

Copyright © 2017 Maral FM