Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 13-июнда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн: 11…16… күндүз: 22… 27 °C;
Талас облусунда
түнкүсүн: 9….14….күндүз: 20…..25°C;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында
түнкүсүн: 11…16….күндүз: 25…..30 °C;
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн: 6…11….күндүз: 17…22°C;
Нарын облусунда
түнкүсүн: 6….11…..күндүз: 18….23°C;
13-июнда Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 23….25°C, түнкүсүн 12…14 °C.