Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-Монгол президенттеринин расмий жолугушуусу башталды

Кыска кабар | 12 Июн 2019 | 564 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков менен Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулганын расмий жолугушуу аземи болду. Баттулга расмий иш сапары менен бүгүн Кыргызстанга келди.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында мамлекет башчыларынын жана делегацияларынын салтанаттуу жолугушуусун өткөрүү үчүн «Ак-Кеме» мейманканасынын алдына Кыргызстандын жана Монголиянын мамлекеттик желектери илинип, Ардактуу кароол тизилген.

Мамлекет башчылары Ардактуу кароолду кыдырып чыгып, расмий делегациялардын мүчөлөрү тааныштырылды. Андан соң учурашуу аземинен кийин Кыргызстандын жана Монголиянын президенттери кеңири курамдагы жолугушууга багыт алышты.

Кеңири курамдагы жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Учурда кеңири форматтагы жолугушуу башталды.

Президент Сооронбай Жээнбеков жолугушуу жемиштүү болоруна ишенгенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM