Биз менен байланышыңыз

Улуу Британияга жана Белоруссияга элчилер дайындалды

Кыска кабар | 11 Июн 2019 | 936 | 0

Эдил Байсалов Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядадагы , ал эми Эрмек Ибраимов Кыргызстандын Белоруссиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалышты. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси катары буга чейин иштеп келген Гүлнара Искакованын мөөнөтү аяктаган. Ал аталган кызматка 2015-жылдын 22-майында дайындалган болчу.

Ал эми Эрмек Ибраимов буга чейин Чехия, Словакияны жана Польша менен Венгрияны айкалыштырган элчиси болуп эмгектенген.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM