Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Шевченкону UFC чемпиону наамын коргоп калышы менен куттуктады

Кыска кабар | 9 Июн 2019 | 534 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июнда, телефон аркылуу UFC боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченкону Чикаго шаарында өтүп жаткан UFC 238 турниринде чемпиондук наамын коргоп калышы менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы спортчуну жылуу куттуктап, жүз миңдеген кыргызстандыктар, анын ичинде өзү дагы, атактуу жердешибиздин чемпиондук наамды ийгиликтүү коргоп калаарына ишенгенин баса белгиледи.

«Чемпиондукка карай жол эч убакта жеңил болбойт. Ал эми бул наамды коргоп калуу андан бешбетер кыйын. Биз Сизге ишенебиз жана болочокто чоң жеңиштерге жетишип, дүйнөлүк аренада спорттук эң сонун жетишкендиктерге жетише беришиңизге тилектешпиз!», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Валентина Шевченко анын спорттук карьерасына көңүл буруп, колдогону жана жылуу куттуктоосу үчүн Президент Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле ага ар дайым колдоо көрсөтүп келаткан кыргызстандык мекендештерине жана КМШ өлкөлөрүндөгү күйөрмандарына абдан ыраазы экенин белгиледи.

Эске салсак, Чикаго шаарында өтүп жаткан UFC 238 турниринде кыргызстандык Валентина Шевченко америкалык спортчуну экинчи раундда башка тээп, нокаутка жыгып эң жеңил салмактагы UFC чемпиону наамын коргоп калды.

Copyright © 2017 Maral FM