Биз менен байланышыңыз

Поезддин алдында калып өлгөн кишинин өздүгү аныкталбай жатат

Кыска кабар | 8 Июн 2019 | 424 | 0

Бишкектин Сокулук районунда поезд алдында калып каза болгон адамдын өздүгүн аныктоо үчүн милиция коомчулукка кайрылуу жасады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы тараткан маалыматта айтылат.

Үч күн мурда Сокулук районунун Ак-Ордо менен Ала-Тоо конуштарынын аймагында 40-45 жаштардагы эркек жаран поезддин алдында калып, алган жараатынан улам каза болгон. Учурда маркумдун сөөгү шаардык өлүк сактоочу жайда турат.

Белгилери: бою болжол менен 165-170 сантиметр, дене түзүлүшү орто, узун кара чачтуу. Кыска жеңдүү ак футболка, көк түстөгү жынсы шым, бутуна спорттук бут кийим, ак байпак кийип жүргөн. Курчанган куру күрөң түстө экени айтылды.

ИИМ маркум тууралуу билгендер болсо 0312 351270, 0702 102702, 0701 351270 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.

Copyright © 2017 Maral FM