Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад театры Орусияны кыдырат

Кыска кабар | 8 Июн 2019 | 603 | 0

12-июндан 1-июлга чейин Жалал-Абад облустук Барпы атындагы Кыргыз драма театры Орусиянын бир катар шаарларына чыгармачылык сапар менен барат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Алынган маалыматтарга ылайык, маданий сапар КР Президентинин «2019-жыл — Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы» Жарлыгынын алкагында жүргүзүлүүдө. Анда аталган театр Мар Байжиевдин «Адашкан адам» психологиялык драмасын Орусиядагы мекендештерге коюп беришет. Ошондой эле, спектаклден кийин чоң программадагы концерт тартууланат.    

Барпы атындагы Кыргыз драма театры Орусиянын шаарларын төмөнкү күн тартип менен кыдырат:

  • 12-июнь Новосибирск шаарындагы Чкалов маданият үйү;
  • 13-июнь Новокузнецк шаарындагы Чыгармачыл үйлөрдүн бирикмеси;
  • 14-июнь Томск шаарындагы «Авангард» маданият үйү;
  • 16-июнь Красноярск шаарындагы СБК маданият үйү;
  • 19-июнь Иркутск шаарындагы «Орбита» маданият үйү;
  • 22-июнь Хакасия Республикасынын Абакан шаарындагы республикалык маданият үйү;
  • 23-июнь Тыва Республикасынын Кызыл шаарындагы Тыва элдик театры;
  • 26-июнь Тоолуу Алтай шаарындагы «Голубой Алтай» театры;
  • 29-июнь Екатеринбург шаарындагы Лаврова маданият үйү;
  • 30-июнь Тюмень шаарындагы «Торфяник» маданият үйү;
  • 1-июль Пермь шаары;

Copyright © 2017 Maral FM