Биз менен байланышыңыз

Дубай: Айттан кайткан автобус жол кырсыгына кабылып, 17 турист каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Июн 2019 | 605 | 0

Дубайда Омандан кайткан туристтик автобус жол кырсыгына кабылып, 17 адам каза болду. Бул тууралуу Бириккен Араб Эмираттарынын жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Окуя бейшемби күнү кечинде катталган. Анда, Орозо Айт майрамында Оман шаарына барган автобус жолдон чыгып кеткен. Автобустун ичинде 31 ар кандай улуттун жарандары болгон. Алардын 17си каза болгону айтылууда. Кырсыктын себеби белгисиз болууда.

Каза болгон жана жаракат алгандардын баары Рашид бейтапканасына жеткирилген. Жарадар болгондордун абалы оор экенин жергиликтүү басылмалар билдиришүүдө.

Учурда жүргүнчүлөрдүн өздүктөрү такталууда.

Copyright © 2017 Maral FM